Жаңылыктар
Спортчу Д.Тенди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды
Кылмыш
Спортчу Д.Тенди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тенди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири кармалды.

Казакстандын ИИМдин маалыматына караганда, оперативдүү тергөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчи шектүүнү кармоо иштер жүрүүдө.

Алмата шаарынын прокуратурасы шектүү катары Жамбыл облусунун 1994-жылы туулган тургуну Н.К. кармалганын маалымдады. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сурак учурунда ал кылмышын мойнуна алды.

Д.Тен унаасынын күзгүсүн уурдоого аракет кылган эки адамды көрүп калып, аларга каршылык көрсөтүү учурда аны бычак менен бир нече жолу сайып кетишкен. Ал ооруканада 19-июлда каза болгон.

25 жаштагы Денис Тен 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медаль уткан.