Жаңылыктар
Кыргызстан жарандарынын форуму
Кыргызстан жаңылыктары

Бишкекте “Мага баары бир эмес” аталышындагы Кыргызстан жарандарынын форуму өтүүдө. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын максаты - Кыргызстандын өнүгүшүнө кошо турган жарандык коомдун салымын көбөйтүү. Форумдун өткөн жылдагы иши боюнча Президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуу жолдонуп, анда мамлекеттин мындан аркы өсүп-өнүгүү багыты боюнча бир катар сунуштар камтылган. 

Кыргызстан жарандарынын форумунда - өлкөдөгү социалдык-экономикалык, саясий абал боюнча ар бир жаран пикирин билдирет. Ачык талкуу уюштурулуп, анда Кыргызстандагы коомдук-саясий процесстерге жарандык коомду көбүрөөк аралаштырууга багытталган ой-пикирлер айтылат. Бүгүнкү форумда жарандар жана парламентаризм, жаңы шарттагы бизнес жана Кыргызстандагы эскерүү саясаты темалары талкууга чыгарылды.