Жаңылыктар
К.Боронов Көчмөндөр оюндарына болгон даярдык менен таанышты
Маданият
К.Боронов Көчмөндөр оюндарына болгон даярдык менен таанышты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдык менен таанышты. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, жаңыланып жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

Боронов өкмөт дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштерине жигердүү киришкенин белгилеп, ат майданында жасалып жаткан иштерди бир жарым айда талаптагыдай бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле ар бир кызмат өзүнө тийиштүү иш-чараларын жоопкерчиликтүү аткарышы керек экенин айтты.