Жаңылыктар
Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык отуруму өттү
Чек ара
Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык отуруму өттү

Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык отурумунда мекеменин бөлүктөрүнүн жана башкаруу органдарынын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы, коррупциялык коркунучтарга каршы туруу боюнча иш-чаралар каралды. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаковдун айтымында, жарым жылдын ичинде комплекстүү иш жүргүзүлүп, 5 коррупциялык факты аныкталган. 

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголду. Ал арады төрага Уларбек Шаршеев ведомство аркылуу жүргүзүлүп жаткан иштердеги олуттуу жылыштар менен кемчиликтерди белгиледи. Ошондой эле башкаруу органдарынын башчыларына ишмердүүлүктү уюштуруунун сапатын жакшыртуу боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды милдеттүү түрдө аткарууну талап кылды.