Жаңылыктар
Сууга чөгүп каза болгондордун саны арбыды
Кырсык
Сууга чөгүп каза болгондордун саны арбыды

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 11 киши сууга чөгүп каза тапты. Каза болгон жарандардын бешөөсү сууга чөмүлүүгө мүмкүн эмес делген дарыя сууларына жана көлмөлөргө түшүп жатып каза болгон. 

Буга байланыштуу Жалал-Абад облусунда тиешелүү кызматтар түшүндүрүү иштерин күчөттү. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын адистери адам өмүрүнө коркунуч жараткан көлмөлөргө, агын сууларга чөмүлүп жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле адистер сууга түшүүгө тыюу салынган жерге барган балдарын ата-энелер тыкыр көзөмөлгө алса деп эскертет.