Жаңылыктар
Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады

23-27-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден болот. Күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Аптанын соңунда дагы туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.