Жаңылыктар
Бишкекте маршруттук унаа менен жеңил машина кагышты
Кырсык
Бишкекте маршруттук унаа менен жеңил машина кагышты

Борбор калаада жүргүнчү ташыган маршруттук унаа менен жеңил машина кагышып, кичи автобус аз жерден бакты сүзүп кала жаздаган. Окуяга күбө болгондордун айтымында кырсык болжол менен 22-июль күнү кечки бештер чамасында Киев менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинде болгон.

№132 каттамда жүргөн кичи автобус кагылышуудан кийин жолдун чекесине чыгып кеткен. Маалыматтарга караганда, окуядан эч бир адам жаракат алган жок.