Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда Бишкекти көздөй кеткен жолдо автотыгын пайда болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда Бишкекти көздөй кеткен жолдо автотыгын пайда болду

Жекшемби күнү кечинде Ысык-Көл облусунда Бишкекти көздөй кеткен жолдо бир топ аралыкка жеткен автотыгын пайда болду. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында унаалар Тору-Айгыр айылына жакын жолдо бир нече катар болуп тизилген. 

Аталган аймакта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкерлери иштеп, Бишкектен бара жаткан автоунаалар тоскоолдуксуз өткөнгө шарт түзүп, кыймылды жөнгө салып жатышты. Автотыгындын себеби жолдун ошол аймактагы тилкесинде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери экендиги айтылды.