Жаңылыктар
УКМК Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду
Коррупция
УКМК Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, Ибраимов өзүнүн кызматтагы абалынан кыянат пайдаланып, мэриядагы башка кызматкерлер менен бирге Бишкектин түштүгүндө жайгашкан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүргөн. 

Алар жер тилкелерин атайын дайындалган адамдарга каттап, алар аркылуу башка адамдарга сатышкан. Натыйжада мамлекеттик бюджет чыгым тарткан. 

Бул окуя боюнча Албек Ибраимовго “коррупция” беренеси боюнча жаңы кылмыш иши козголду. Буга чейин УКМК Албек Ибраимовго карата "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же таратып жок кылуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. 

Ал эми Биринчи Май Райондук соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду 29-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.