Жаңылыктар
М.Абылгазиев : «Таза Суу» программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керек
Кыргызстан жаңылыктары
 М.Абылгазиев : «Таза Суу» программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керек

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун суу менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча  өткөн кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин «Таза Суу» программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керектигин эскертти.

Учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана санитарияны жакшыртууга багытталган эки долбоор ишке ашырылып жатат. 

Эске салсак, Кыргызстанда "Таза суу" долбоорунун ордуна "Ала-Тоо булагы" деп аталган жаңы долбоор ишке киргизилген болчу. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"