Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. КРнын мыйзамдарына ылайык мэрликке талапкерди шаардык кеңештин фракциялары, коалиция жана өкмөт башчы көрсөтөт. Мэр жашыруун шаардык кеңештеринин депутаттары тарабынан добуш берүү аркылуу шайланат. 

Мындан ары мэрликке талапкер болом дегендер жарандуулугу, соттуулугу жана мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тастыктаган документти БШКга тапшырып, андан кийин анын талапкерлиги шаардык кеңештин депутаттары жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан чечилет. Учурда мэрдин милдетин азыр вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"