Жаңылыктар
Элеттиктер жеке ишкердин колдоосу менен заманбап тез жардам унаасына ээ болушту
Ден соолук
Элеттиктер жеке ишкердин колдоосу менен заманбап тез жардам унаасына ээ болушту

Элеттиктердин көктөн издегени жерден табылды. Жалал -Абад облусунун Тогуз-Торо районунда көптөн бери көксөп келген көйгөй чечилди. Тактап айтканда, районго жеке ишкердин колдоосу менен жаңы, заманбап тез жардам унаасы белекке берилди. Бул алыскы Тогуз-Торо районундагы тез жардам кызматы. Адам өмүрү менен күрөшкөн ак халанчандардын жумушунда жык-жыйма көйгөйлөр көп.

Чуу дегенде эле алардын көйгөйү мына буга окшогон жоктон көрө жогору кызматтык унаалар. Жолдо катар калдыраган унааларга айрым бетаптар да отуруудан баш тартышат экен.

Тогуз-Торо районундагы тез жардам бөлүмү жалпысынан 60 киломерт радиуста 24 миңден ашык калкты тейлейт. Айылдары алыс жайгашкандыктан унаа маселеси алгачкы орунда. Азыр 3 унаа кызмат көрсөтүп жатат. Алар деле жарытпай калды.

Элеттиктердин көктөн издегени жерден табылды. Районго жеке ишкердин колдоосу менен жаңы заманбап тез жардам унаасы белекке берилип, айылдыктарды кубанычка бөлөдү. Бул саамалык быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашып жатканынын жеке ишкер өзү билдирди.

Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында элет элине кол сунуп, жардам бергендердин катмары көбөйсө, албетте өлкө өнүгүүнүн жолун бат эле табат.