Жаңылыктар
Бурулайдын өлүмү тууралуу кандай жаңы жагдайлар белгилүү болууда?
Кылмыш
Бурулайдын өлүмү тууралуу кандай жаңы жагдайлар белгилүү болууда?

Ала качуунун курмандыгы болгон 19 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча иш сотко жөнөтүлүү алдында турат. Жакында комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы чыгат. Бул тууралуу  бүгүн, 24-июлда маалымат жыйында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. 

Министр Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен да жолугушуу болгонун маалымдады. Бул иш боюнча дагы бир жаран камакка алынып сурак берүүдө. Ал Бурулайды өлтүрдү деген шек менен кармалган баланын досу. Милиция бөлүмүндө бычакталган жаш кыздын өлүмү тууралуу кандай жаңы жагдайлар белгилүү болууда?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"