Белгилүү журналист Уланбек Эгизбевдин сөөгү өзү туулуп өскөн жери, Кочкор районунун Көк-Жар айылында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана анын кесиптештери келип катышты.
Убагында чындык үчүн алпурушкан журналистти келгендер көзүнө жаш алуу менен эскеришип, анын ысымын түбөлүккө калтыруу демилгеси дагы көтөрүлдү.
Коррупциянын тамырын издеп таап, жалтанбай күрөшүп келе жаткан журналист Уланбек Эгизбаев болгону 28 жашта болчу. Эскерте кетсек ал 22-июль күнү, Чолпон-Ата шаарында эс алып жүрүп көлгө чөгүп көз жумган.