Жаңылыктар
Диний мыйзам долбоору талкууга алынды
Дин
Диний мыйзам долбоору талкууга алынды

“Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууга алынды. Документ - мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамилени жөнгө салып, алардын укук милдеттерин так аныктоо жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү толуктоолорду киргизип, жаңы долбоорун даярдоо 2014-жылы эле башталган. Эксперттерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган топ түзүлүп, алар иштеп чыккан долбоор өткөн жылы парламенттин эки комитетинде талкууланып, өзгөртүүлөр киргизилген.