8-9-августта Чолпон-Ата шаарында "Мекендештер 2018" форуму өтөт. Бул тууралуу журналисттерге берген маалымат жыйында иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Быйыл төртүнчү ирет өткөрүлө турган форумга дүйнөнүн 20дан ашык мамлекетинде жашап, эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар, ошондой эле Жогорку Кеңештин депуттаттары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.
Эки жылда бир өтүп келген иш-чара, быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында, "Туулган жердин топурагы алтын" деген ураандын алдында өтөт.
Форум чет жердеги мекендештерибиз менен өкмөт мүчөлөрүнүн пикир алмашуусун камсыздап, кыргызстандыктарды ойлондурган, кабатыр кылып чечилбей келе жаткан маселелерди, коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.