Жаңылыктар
Кыргызстанда сапаттуу дары-дармектер жетишсиз
Ден соолук
Кыргызстанда сапаттуу дары-дармектер жетишсиз

Кыргызстанда дарылоонун натыйжалуулугун далилдеген, сапаттуу дары-дармектер жетишсиз. Алардын баасы карапайым эл үчүн өтө эле кымбат. Мындан тышкары мыйзамсыз ташылып келинген дарылар, жасалма жана кымбат баада болушу толук ыктымал дешет адистер. 

Ушул тапта, өлкөбүзгө дары-дармектердин электрондук маалымат базасын киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашкан учурда дарылардын өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейинки кадамдары толук чагылдырылат. Алардын сапатын жана баасын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлмайрам Асылбекова, "Биринчи радио"