Жаңылыктар
Лейлектин Коргон айылында мөмө-жемиш кургатуучу кичи цех ачылды
Экономика
Лейлектин Коргон айылында мөмө-жемиш кургатуучу кичи цех ачылды

Лейлектин Коргон айылында мөмө-жемиш кургатуучу кичи цех ачылып, 10го жакын айыл тургундары жумуш менен камсыз болду. Мында аймактагы жашоочулардын мөмө-жемиштеринен химиялык кошумчасы жок, ар кандай продукциялар чыгарылат. 

Өндүрүштүн кубаттуулугу бир күндө 600 кг чейин түзгөн цехти куруу үчүн БУУнун Азык-түлүк уюму тарабынан 1 млн 600 миң сом, ал эми Лейлек айыл өкмөтүнөн 250 миң сом бөлүнгөн. 

Эми кайра иштелип чыккан табигый таза продукциялар айыл элин эле эмес бардык облустун элин камсыздап турмакчы. Район аймагында мындан башка дагы Маргун, Тогуз-Булак, жана Кулунду айыл аймактарында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, жалпы 100гө чукул жергиликтүүлөр жумуш менен камсыздалды.