Кыргызстанда ичүүчү сууга болгон тариф өздүк наркынан 3–4 эсеге төмөн. Адистердин мисалында, суунун миң литри, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5 сом 38 тыйын ошол эле учурда өздүк наркы – 7сом 70 тыйын турат.
Андыктан элди таза суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу үчүн бааларды кайра карап чыгуу зарылчылыгы жаралууда. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын баасы өтө төмөн учурда өлкөдө инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнбү?
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"