Жаңылыктар
Грециянын токойлорун өрт каптап, тилсиз жоодон жетимиштен ашык киши көз жумду
Дүйнө
Грециянын токойлорун өрт каптап, тилсиз жоодон жетимиштен ашык киши көз жумду

Грециянын борбору Афинанын четиндеги токойлорду өрт каптап, тилсиз жоодон жетимиштен ашык киши көз жумду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, күн мурун дагы 26 кишинин сөөгү табылган. Өрттүн тутанышына 40 градус ысык жана катуу шамал себеп болгону айтылды. 

Куткаруучулар кырсыктан жүздөн ашык киши жабыркаганын, миңден ашык үй күйүп кеткенин кабарлады. Жалын 23-июлда Мати кыштагынан жайыла баштаганы маалым болду. 

Грециянын Премьер-министри Алексис Ципрас бул кырсык боюнча үч күндүк жалпы улуттук аза күтүү жарыялады. Ал Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө кырсыкты жоюу жагынан жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Мындан тышкары өлкөнүн аскер күчтөрү дагы куткаруу иштерине тартылды.