Жаңылыктар
С.Жээнбеков Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаковду кабыл алды
Саясат
С.Жээнбеков Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаковду кабыл алды

25-июлда Бишкекке Казакстандын Коргоо министри, генерал-полковник Сакен Жасузаков башында турган аскер делегациясы расмий иш-сапары менен келди. 

Тараптар аскер кызматташтыгынын ар түрдүү багыттары: аскер кадрларын даярдоо, анын ичинде атайын багыттагы күчтөрдү, ыкчам иликтөө, биргелешкен тоо даярдыгы боюнча кызматташтыкты активдештирүүнү макулдашты.

Жолугушуу учурунда тараптар Борбор Азия аймагындагы кырдаалды талкуулап, эки мамлекеттин куралдуу күчтөрүндөгү курулуш, биргелешкен коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча тажрыйба алмашууну, аскер кызматташтыгынын ар түрдүү багыттары боюнча пикир алмашты.