Жаңылыктар
Ордо калаанын көчөлөрүндөгү кылкылдап тизилген тыгындан канткенде арылабыз?
Кыргызстан жаңылыктары
Ордо калаанын көчөлөрүндөгү кылкылдап тизилген тыгындан канткенде арылабыз?

Борбор калаа жылдан-жылга өнүгүп өскөн сайын калктын жана автоунаалардын саны да көбөйүүдө. Демек жолдордогу тыгындан эч кайда качып кутула албайсың. 

Бишкектин борбордук көчөлөрүн автоунаалардан бошотуу үчүн ордо калаада быйыл бир нече көпүрө курулуп бүтүп калды. 

Бишкек шаарындагы дагы бир көпүрө Орозбеков көчөсүнө курулду. Өзүңүздөр баамдагандай бул жерде мурда жөө адамдар гана өтө турган асма көпүрө бар болчу. Кууш болгон таштак көчө Чоң Чүй каналына келип бүтүп калса эми, бул көпүрө аркылуу шаардын түндүгүндөгү айланып өтүүчү жолго чейин барууга болот.

Мурда биз бийик болуп заңгырап турган асма көпүрөнү чет мамлекеттерге барганда гана кездештирсек, эми күздөн баштап ордо калаадан да көрүп баштайбыз. Былтыр апрель айында курулуш башталган бул көпүрө аяктоо алдында турат. Ордо калаадагы бул асма көпүрөнүн узундугу 105, туурасы 23 метр болсо, алдынан 3 темир жол кайчылаш өтөт.