Акыркы учурда таза кандуу кыргыз дөбөтүнө болгон кызыгуу күчөдү. Активисттер бул тукумдагы иттерди сактап калуу жана көбөйтүү аракетин эл аралык деңгээлде башташты.
Кыргыз дөбөтү илгертен мал багууда чабандардын алмашкыс жардамчысы болгон. Аты да “дөбөдөгү ит” деген сөздөн келип чыккан. Ал чыдамкай, тайманбас. Карышкыр менен жакшы алышат. Достукту сүйөт, айрыкча жаш балдар менен жакшы дос болот.
Азыр Кыргызстанда 200гө жакын дөбөт бар. Кыргыз дөбөтүн көбөйтүүгө жана сактап калууга азырынча мамлекет көңүл бура элек. Бирок, таза кандуу дөбөттөргө болгон кызыгуу байкалууда дешет адистер.
Таза кандуу иттерди сактап калуу аракети эл аралык деңгээлде жүрүүдө. Армения, Эстония, Кыргызстан, Казакстан жана Грузиянын адистери бул тууралуу теле көпүрө аркылуу сүйлөшүштү. Армениянын кинологдор союзунун президенти Виолетта Габриелян кинологдордун эл аралык жыйынын өткөрүүнү сунуштады.
Иш-чаранын катышуучулары кайсы бир улутка таандык болгон өзгөчө иттерди “таза кандуу иттердин” тизмесине каттатуу чаралары тууралуу кеп кылышты. Эскерте кетсек, совет доорунда кутурма оорусунан улам дөбөт тукумундагы иттердин басымдуу бөлүгү атылып кеткен.