Жаңылыктар
Кожояр айылындагы пансионаттын биринен чыккан өрттөн үч киши жабыркады
Кырсык
Кожояр айылындагы пансионаттын биринен чыккан өрттөн үч киши жабыркады

25-июль күнү Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы пансионаттын биринен өрт чыгып, үч киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей кырсык тууралуу маалымат 18:24тө келип түшүп, аны өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү топ жана тез жардам кызматы тартылган. 

Маалым болгондой тилсиз жоо пансионаттагы имараттардын биринен чыгып, калгандарына жайылган. 

Жалпысынан он коттеж өрттөнгөн. Кырсыктын кесепетинен үч киши Ананьево айылындагы ооруканага 2-даражадагы күйүк менен жеткирилди. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.