Жаңылыктар
Ош жергесинде "Айыл оттору" фестивалы старт алды
Маданият
Ош жергесинде "Айыл оттору" фестивалы старт алды

Кыргыз эли элдик кол өнөрчүлөргө, уста, уздарга бай. Булардын эмгектерин сырткы рынокко чыгарууга жол ачуу менен айыл жеринде туристтик борборлорду түзүү - "Айыл оттору" фестивалынын башкы мүдөөсү. Маданий иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюшулду. Ага вице -премьер-министр Замир Аскаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. 


Кыргыз элинде башка элде жок байлык бар. Бүйүр кызыткан улуттук ат оюндары, ооз комуз, сыбызгы, комуз сындуу улуттук аспаптары, Америка, Австралия элдери суктанган бир да темирсиз табигый жыгачтан жасалган кыргыздын боз үйү -узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кеткен. Көчмөн элдин бай маданияты - Кыргызстанга турист катары келген түрк атуулу Зафер Динчердин Ошту биротолоп мекендеп калуусуна себеп болгон.

Мына ушул кооздукту мекендеген көчмөн элди дүйнөгө таанытуу менен туризмди өнүктүрүүгө багытталган иш-чара Оштун Алай жергесинен башталды. Бул тандоонун да жөнү бар. Алай- мамлекеттүүлүктүн кышын кынаганга зор салым кошкон даткалары менен тарыхта сакталып калган.


Маданий салттарды, өнөрлөрдү дүйнөлүк жаңы тажрыйбалар менен айкалыштыруу да көчмөн элдин даңкын таанытууга өбөлгө болоорун эл өкүлү билдирет. Анткени көчмөн элдин түпкүлүлүүгүндө жигери бар.

Фестиваль, маданият кызматкерлеринин ыр-күүлөрү менен коштолду. Казакстандык Эржандын комузда кол ойноткону майрамдын катышуучуларына өзгөчө таасир калтырды.