Жаңылыктар
Өкмөт: Унгар-Тоо Кыргызстандыкы
Чек ара
Өкмөт: Унгар-Тоо Кыргызстандыкы

Өкмөт Унгар-Тоо боюнча жасалма документтин таратылышын кезектеги чагым деп атады. Эске сала кетсек социалдык тармактарга өкмөттүк аппаратка таандык протоколдун жасалма көчүрмөсү чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоо бөлөк өлкөгө таандык деген жалган маалыматтар жарыяланган. 

Өкмөттүн аппараты бул аракеттер саясий упай топтоо максатын көздөгөнүн жана премьер-министр мындай документке кол койбогонун билдирди. 

Ошол эле учурда Темир Сариев Аксы районунун акими баш болгон жергиликтүү тургундарддын өкүлдөрүн кабыл алып, Унгар-Тоо боюнча толук маалымат берди.