Бишкекте жугуштуу ичеги-карын ооруларынан жабыркагандардын саны көбөйдү. Иммунитети төмөн болгондуктан ооруканага жаткырылгандардын көбү беш жашка чейинки наристелер. Жандандаруу бөлүмүнө түшкөн да бейтептар бар. Дарыгерлер ушул учурда курч мүнөздөгү ичеги-карын оорусу күч алаарын белгилеп, ооруунун алдын-алууда эң башкысы гигиенаны сактоону сунуштайт.
Курч мүнөздөгү ичеги-карын оорусу күч алып турган жайкы саратанда оорукананын минтип кабыл алуу бөлүмүнө келгендер кезекте турушат. Балдарын көтөрүп келгендер көп. Күнүнө кеминде үч жүздөй бейтап кайрылууда, алардын көбү эле ичи ооруп, кусуп, алы кеткенин айтып келгендер. Тез жардам менен келип жаткан бейтаптар да жок эмес.
Кечээ күнү эле ооруканага жүздөн ашык бейтап жаткырылган. Жаткырылгандардын көбү балдар. Себеби жугуштуу илдетке наристелер тез кабылат жана ооруну көтөрө алышпайт. Мейизгүл Маметова уулу менен ооруканага кечээ түшкөн.
Эс учун жоготуп жандандыруу бөлүмүндө жаткандар да бар. Дарыгерлер зарыл болгон дары-дармек жетиштүү экенин билдирет. Ошол эле учурда дарыгерлер оорунун алдын-алуу үчүн тазалыктын эрежерин сактоону жана ысыкта ачык жерде сатылып жаткан тез бузулуучу тамак-ашты жегенден оолак болууну сунуштайт.
Оору чыңалган маалда палаталардан тышкары минтип коридорлорго чейин орундуктар дайындалат. Дарыгерлер болсо нөөмөт менен иш алып барууда.