Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жаңы суу каналы салынууда
Аймак
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жаңы суу каналы салынууда

Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында беш чакырымдан ашык жаңы суу каналы салынууда. Бул долбоорду өкмөт колдоого алып, жалпы алтымыш миллион сом бөлүп берген. Долбоорго ылайык жаңы канал аркылуу миң гектардан ашык аянт сугат суу алат жана 490 миң кубометр сууну өзүнө топтой алган суу топтоочу жай БСРге суу жетет. 

Азыркы тапта алты жүз метр жерге лотоктор коюлду. Дагы беш жүз метр жерде таш төшөө иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей суу каналын салып жатканда татаал участкалар абдан көп болду. Көп жерлерине техника такыр бара албайт. Айрым жерлеринде таш төшөлсө, айрым жерлерине бекемдеп бетон куюш керек. Быйылкы жылы курулуш иштеринин жарымы аяктайт.