Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолорун тандаган альпинистердин саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолорун тандаган альпинистердин саны өсүүдө

Акыркы жылдары Кыргызстандын тоолорун тандаган альпинистердин саны өсүүдө. Буга кереметтүү ак кар, көк муз баскан чокулардын жана жаратылыштын өзгөчө кооздугун себеп. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Туризм депортаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов билдирди. 

Бул эсктремалдык спорттун ышкы боздорун тартып турган дагы бир себеп, Кыргызстандын  аймагындагы Тянь-Шань тоолору дүйнөдөгү эң бийик Альпы тоолору, Эверестеги пиктерге чыгууда сөзсүз түрдө басып өтүүчү баскычтардын бири катары эсептелгендигинде. 

Бирок бул кандуу спорт. Жыл сайын Кыргызстандын чокулары адам өмүрүн да албай койбойт. Дүйнөнүн ар тарабынан келген альпинисттер чокусун муз жалаган белдерден, тоолордон эмне издешет?

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"