Жаңылыктар
Кыргызстанда кадрларды ротациялоо жанданууда
Саясат
Кыргызстанда кадрларды ротациялоо жанданууда

Кыргызстанда кадрларды ротациялоо жанданууда. Өкмөттүн бул багытта алгачкы кадамы катары Ысык-Көл облусунун мурдагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышын айтууга болот. Мындай чара совет мезгилинен бери салттуу түрдө калыптанып калган  кадимкидей көрүнүш-дешет жергиликтүү серепчилер. 

Эске салсак,  Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон иш-сапарларында ар дайым элди бирдиктүү калыптандыруу башкы максат экенин айтып келет. Талас облусунун эли менен болгон жолугушууда мамлекет башчы кадрларды ротациялоо аймак аралык биримдикти бекемдерин билдирген. Жетекчилердин ордун алмаштыруу тажрыйбасын колдонуу кандай жыйынтыктарды берет? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"