Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолунда айдоочу кыз сүзүп кеткен адам комага түштү
Кырсык
Бишкек-Ош жолунда айдоочу кыз сүзүп кеткен адам комага түштү

Бишкек—Ош жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 66 жаштагы жөө жүргүнчү комага түштү. 

Маалым болгондой, жол кырсык 26-июлда саат 22:40 чамасында Бишкек—Ош жолунун 387-чакырымындагы Кара-Көл шаарынын аймагында катталган. Анда «Мазда Демио» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 04 KG 664 AAD) унаа Бишкек шаарын көздөй бара жатып, жолдон чыккан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор абалда комага түшкөн.

Кийинчерээк жол кырсыктан жабыркаган жаран 66 жаштагы М.Э. аттуу аял экендиги аныкталган. Ал эми унааны 1989-жылы туулган Ө.Ы., аттуу кыз башкарып бара жаткан.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жөө жүргүнчү жолдон күтүүсүз чуркап чыккан жана жолдон өтүү эрежелерин сактаган эмес.