Жаңылыктар
Түп району: шахмат боюнча эл аралык мелдешке 200 шахматчы катышууда
Спорт
Түп району: шахмат боюнча эл аралык мелдешке 200 шахматчы катышууда

Түп районунун «Түп-Маяк» балдардын ден соолугун чыңдоо спорт борборунда 22-июлда башталган Дүпөн Дербишовдун жаркын элесине арналган шахмат боюнча жаштар арасындагы республикалык турнир быйыл 6-жолу өткөрүлүп, акыркы 2 жылдан бери эл аралык турнирге айланууда. Бул тууралуу шахмат федерациясынын Ысык-Көл облусу боюнча башкы машыктыруучусу, турнирдин башкы калысы Азамат Токтокожоев билдирди.

Анын айтымында, 28-июлда жыйынтыгы чыгарыла турган бул турнирге 200 бала катышууда. Казакстандан 30дан ашык, Өзбекстандан 11, Тажикстандан 9, Россиядан 2 калганы республиканын 7 дубаны жана шаарларынан келип катышууда.

«Бул турнирдин уюштуруучусу Казакбай Дербишовдун демөөрчүлүгү менен байге фондусу 70 миң сомду түзүүдө. Андан тышкары балдарды алып келишкен машыктыруучулар менен ата-энелер ортосунда да шахмат боюнча өзүнчө турнир өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар берилет. Бул турнирдин эл аралык мааниге айланып бара жаткан себеби, балдар бул жерден шахмат ойноп, көлгө түшүп, ден соолугун чыңдап гана кетишпестен, башка республиканын балдары менен достук мамиледе болушуп, тынчтыктын жылдызы жанып турушуна катышышат. Бул борбордун тейлөөсүндө айып жок. Бүгүн турнирдин башталганына 5 күн болду, таймаш өтө курч мүнөздө өтүп, турнирдин рейтинги да жогору болууда», - деди А.Токтокожоев.