Жаңылыктар
Коррупция: бюджетке кайтарылчу каражат үчүн ачылган эсепке 168 млн 781 миң түштү
Коррупция
Коррупция: бюджетке кайтарылчу каражат үчүн ачылган эсепке 168 млн 781 миң түштү

3-июлдан 19-июлга чейинки аралыкта коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында бюджетке кайтарылчу каражат үчүн ачылган атайын депозиттик эсепке 168 млн 781 миң түштү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат сайттардын бирине финансы министрлигинен билдиришти. 

168 миллион сомдун ичинен башкы прокуратура 59 млн 327 миң которсо, калганы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен түшкөн.