Жаңылыктар
Индиялык студенттерден акча алган Асаналиев кармалды
Коррупция
Индиялык студенттерден акча алган Асаналиев кармалды

Эл аралык илим жана бизнес университетинин Камкордук кеңешинин төрагасы Нургалы Асаналиев кармалды. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бир нече күн мурда университетте Индиядан келип окуп жаткан 50дөн ашуун студент Асаналиев алардан ири суммада акча алып, бирок окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып, даттанышкан. 

Алар басма сөз жыйынын уюштуруп, интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу таратып, Кыргызстандын жетекчилигинен жардам сурашкан. Студенттер Асаналиев ар биринен 2900 доллар алып, квитанция бербей койгонун айтышкан.