Жаңылыктар
"Алганын" футбол клубунун тарбиялануучусу Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өттү
Спорт
"Алганын" футбол клубунун тарбиялануучусу Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өттү

Кыргызстандык "Алганын" футбол клубунун тарбиялануучусу Илзат Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өттү. Клубдун расмий сайтына жарыялангандай, 20 жаштагы футболчу төрт жылга келишим түзүп, ага 77 деген номер берилди. Ал бүгүн эле командасы менен Нижний-Новгороддо Россиянын Супер кубогу үчүн беттеш өткөрөт. Ахметов буга чейин Казандын "Рубин" клубунда ойноп келген жана май айында келишими аягына чыккан.

Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, өспүрүм курагында борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашынды негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.