Жаңылыктар
Айланы кетирген аткезчилик
Кыргызстан жаңылыктары
Айланы кетирген аткезчилик

Өкмөт өлкөгө аткезчилик жол менен кирип жаткан жүктөрдү ооздуктоону улантууда. Бул ирет экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы атайын рейд уюштуруп, коңшу Казакстандан туура эмес документ толтуруп, жүк ташып келип жаткан автоунааларды текшерүүгө алды. 

Текшерүүчү тараптын билдирүүсүндө, акыркы жарым жыл аралыгында коңшу Казактандан товар ташыгандар алардын айласын алты кетирүүдө. 

Арзан азык-түлүк жана күйүүчү май ташуу менен алектенгендердин саны көбөйүп, салык төлөөчүлөрдүн саны кескин азайып кеткен. Иш чаранын алкагында мыйзамсыз иш алып барып жаткан тараптарга иликтөө иштери башталды.