Бишкекте бир саат ичинде 100 элечек оролду. Иш-чара “Кийиз дүйнө - элечек” долбоорунун негизинде Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата уюштурулуп өткөрүлдү.
Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролуп, аялдардын ажарын ачкан элечекти ороону эң мыкты билген Тамара Кожоева “Кийиз Дүйнө” коомдук фондусунда эмгектенет.
Элечекти аялдар жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кийишкен. Аны ороодо өзүнүн ыкмалары жана баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. Көрүнгөнү бирдей болгону менен ар бир өрөөндүкү өз-өзүнчө айырмаланып турат.
Бурул Караева да майрамдарда жана жакшы күндөрдө кийип жүрүү үчүн атайын жаңы элечек оротту. Эми кирдегенде гана чечпесем көпкө чейин сактап жүрөм дейт.
Элечек аялзатынын көркүн гана ачпастан боюн дагы түз кармап жүрүүгө тарбиялайт. Андыктан элечекти оротууга жана аны кийүүгө кызыккан аялдар күндөн -күнгө көбөйүүдө .
Кыргыз элинин каада-салты менен кол өнөрчүлүгүно чет элдиктер да өзгөчө кызыгып жатышты. Кол өнөрчүлөдүн айтымында негизги максат - Кыргыздын салттуу элечегин сактап калуу жана жандандыруу болду. Эң башкысы муну унуткарбай жаштарга көрсөтүп, үлгү катары ар бир мекендешибиз сыймыктанып жүрүшү керек дешет.