Жаңылыктар
Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны жыл санап өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны жыл санап өсүүдө

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны жыл санап өсүүдө. Жарандык коомдун өкүлдөрү, мындай көрүнүш айрыкча акыркы 3-4 жыл ичинде байкалганын, андан улам балдар үйү, интернаттар көбөйгөнүн айтып, коңгуроо кагышууда. Бул маселе президент менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда да көтөрүлүп, көйгөйдү алдын алуу чаралары талкууланды. Ар бир бала өз үй бүлөсүндө жашап, ата-эне мээриминен өксүбөшү үчүн бардык зарыл болгон чаралар көрүлмөкчү. 



Ата-энеси оор турмуштук кырдаалга кабылган, тышка мигрант болуп кеткен, же жөн гана жоопкерчиликтен качып балдарын интернатка таштап кеткендер миңдеп саналат.

Андыктан балдар үйүндө кармалган 12 миңден ашык баланын бардыгы эле оор турмуштук абалда деп айтууга болбойт. Ата-энеси жок жетим балдар 9 гана мекемеде тарбияланат. Алардын саны 1100гө жакын. Негизи эле балдар үйүнө бала таштоо кыргыз үчүн жат көрүнүш. Салт-санаа, нарк-насилге туура келбейт. Илгери айылда томолой жетим калса тууган сүрүштүрүп келип багып алышчу.

Мамлекет бул маселеге эми олуттуу көңүл бурмакчы. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде эле көйгөйдү жеке көзөмөлүнө алып, 2016-жылы баланы жана үй-бүлөнү коргоого багытталган 10 жылдык Улуттук программаны кабыл алган. Быйыл болсо аймактарды өнүктүрүү жылы жарыяланды. 


Мамлекет башчысынын пикиринде аймактарды бир гана экономикалык жактан өнүктүрүү эмес, калктын аярлуу катмарына кам көрүү дагы негизги милдет. Бул тууралуу ал Жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууда айтып, балдардын укугун коргоо жаатында иштегендер менен кызматташууга даяр экендигин билдирген. Анда укук коргоочу Назгүл Турдубекова акыркы үч жылда өлкө аймагында кароосуз калган балдардын саны 8800дөн, 13 миңге чейин , дээрлик 30 пайызга өскөнүн билдирген. Балдар үйүндө орун алып жаткан коррупция көйгөйү да көтөрүлгөн.