2015-жылы кабыл алынган Репродуктивдүү укуктарды коргоо жөнүндөгү мыйзам коомдо кандай аткарылып жатат? Ушул эки маселе Ошто талкууланды. Анда, канткенде эне-баланын өлүмүн алдын алууга жана аларга болгон зордук-зомбулуктарды токтотууга болот? - деген чакырыктын тегерегинде пикир алышуу болду.
Жыл башынан тартып, Ош шаарынын өзүндө 45 балага карата кылмыш катталган. Бирөө каза тапкан. Ал- 2 жаштагы Бексултан. Өз энесинин колунан өлөрчө таяк жеп, ооруканага түшкөн наристе, эсине келбей жатып кете берген.
Мыкаачы эне 104 -берененин негизинде 13 жылга эркинен ажыратылды. Бир жылга жетпей түндүгү ураган үй-бүлөгө наристе плансыз же, каалоосуз келгендиги айтылган. 22 жаштагы Диана баласын күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин төрөгөн.
Бул сыяктуу терс көрүнүштөр тилекке каршы, коомдо кез-кези менен катталып келет. Үй-бүлөнү пландоо, репродуктивдүү ден-соолук, дегеле Кыргызстандагы эне баланын учурдагы абалы туурасында Ошто атайын жыйын уюшулду. Ага, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина тармагынын адистери, эл аралык уюмдун, дин тармагынын өкүлдөрү катышты.
Статистикалык маалыматтарга таянып айта турган болсок, Кыргызстан Борбордук Азия, Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен эне менен баланын өлүмү боюнча алдыңкы, ал эми алардын саламаттыгына кам көрүү боюнча акыркы орунда турат. Мунун алдын алуу, кыскартуу жаатында 2015-жылы мыйзам да кабыл алынган.