Жаңылыктар
Ошто жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай, жолдон 7 машинаны коюп кетти
Кырсык
Ошто жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай, жолдон 7 машинаны коюп кетти

Ошто кыш жүктөлгөн жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай калып, жолдон жети машинаны коюп токтоду. Бул туурасында Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Шайырбек Шакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, кырсык 27-июль күнү саат 16:30дар чамасында болгон. 33 жаштагы айдоочу Гагарин көчөсү менен жүк ташуучу автоунааны айдап баратып, жол чырагынан токтоого аракет кылганда тормозу иштебей калып, бир чакырымдай жүрүп барып, бакты сүзүп токтогон. 

Жол кырсыгынан алты киши жабыркап, Ош шаардык ооруканасына жаткырылды. Алар жеңил жаракат алгандыктан медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө коё берилген. 

Учурда бардык материалдар тергөө органдарына берилип, экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында окуяга юридикалык баа берилет.