Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эс алып жургөн 11 адам тамакка ууланды
Ден соолук
Ысык-Көлдө эс алып жургөн 11 адам тамакка ууланды

Ысык-Көлдө эс алып жургөн 11 адам тамакка ууланды. Жабыркагандардын экөө Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, калгандары инфекциялык бөлүмгө жаткырылды. 

Уулангандар Чүй облусунун Кемин районунун 45-50 жаштагы тургундары экени айтылууда. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Кеминден мал союп, анын этин эс алуучу жайга ала келишкен. Уулануу ошол эттен болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Учурда бул факт боюнча жергиликтүү бийлик жана милиция териштирүү иштерин баштады.