Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда 11 киши тамакка ууланды
Ден соолук
Ысык-Көл облусунда 11 киши тамакка ууланды

Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучулар Бостери айылындагы көл жээкте жайгашкан боз үйлөрдүн биринен тамактанышкан. 

Ууланган кишилер Кемин районунан келип, «Тулпар» пансионатынын жанындагы боз үйлөрдүн биринде шерине өткөрүшкөн. 

Боз үйдү ижарага бергендердин айтымында, жабыркагандар тамак-аштарды өздөрү менен бирге ала келишкен. Учурда териштирүү жүрүп жатат. Учурда 11 киши Ысык-Көл райондук ооруканасында жатышат.