Жаңылыктар
Таластагы Маймак станциясына ушул күндөрү көмүр жүктөгөн вагондор токтоду
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы Маймак станциясына ушул күндөрү көмүр жүктөгөн вагондор токтоду

 Жакынкы күндөргө дагы миңдеген тонна көмүр келери күтүлүп жатат. Кыш камын эрте көргөн таластыктар станцияга түшкөн көмүрдү алып кетишүүдө. 

Белгилей кетсек, былтыр көмүр ноябрь айында гана станцияга түшүп, көмүр тартыштыгы кыш адында даана сезилген. Аткезчилик көмүрлөрү кызыл кулактык менен баасы көтөрүлүп турган. Көмүр тартыштыгы жана баанын өсүшүнөн улам, өкмөттүн ошол учурдагы буйругу менен антимонополия агенттигинин таластагы адистери көмүр сатуучулар арасында баа боюнча чектөөлөрдү киргизгенге аргасыз болушкан. 

Көмүр алгандар азыр көмүр станцияга эрте келгенден улам, облуста көмүр тартыштыгы болбой турганын айтышууда. Белгилей кетсек, Талас облусу жылына 54 миң тоннадан ашык көмүр керектейт. Таласка келген көмүрлөр кыргызстандык жана казакстандык көмүрдун түрлөрү болууда.