Ысык-Көл районундагы балдардын жайкы эс алуу лагерлеринде сууга түшүү коопсуздугу күчөтүлдү. Бул багытта бардык лагерлерде түшүндүрүү иштери атайын кызматтар тарабынан жүргүзүлүп, көлгө түшүү учурунда куткаруучулардын көл жээгинде болушу, алардын тиешелүү жабдыктар, атайын кайык менен камсыз болушу каралган.
Бул багытта "Илим" лагери бардык талаптарды аткарууда. Бул эс алуу жайында төрт куткаруучу балдардын көлгө түшүүсүн көзөмөлгө алып жатат. Куткаруучулар бардык шаймандар менен камсыз болгон. Эске сала кетсек "Илим" эс алуу лагери жыл сайын бир жарым миң баланы кабыл алат.