Жаңылыктар
Марс планетасына үй салынат
Билим
Марс планетасына үй салынат

NASA уюму Марс планетасына астронавттар үчүн салына турчу үй үчүн жарыяланган конкурска келген эмгектердин эң мыктыларын аныктады. Биринчи орунду АКШнын Арканзас штатынан келген команда ээледи. Алардын планы боюнча робот турак-жай салуу үчүн керектүү бардык материалдарды Марстын өзүнөн табат. 

Кийин үйдү 3D принтерден басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү болот. Мындай ыкма салына турчу үйдүн аянтын чоңойтууну жана ага көп кишинин батышын камсыздайт. Эң мыкты беш долбоор 100 миң доллар өлчөмүндөгү байге фондун бөлүп алышты. Алардын эмгеги NASA уюмунун расмий сайтына жарыяланды. 

Белгилей кетсек, сынак 2017-жылы жарыяланып, ага дүйнө жүзү боюнча 18 команда катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, эң мыкты долбоорлор Марсты багынтууга салым кошушу мүмкүн.