Жаңылыктар
Т.Сариев: инвестицияга жагымдуу шарт түзөлү
Экономика
Т.Сариев: инвестицияга жагымдуу шарт түзөлү

Инвестициялык климатты жакшыртуу максатында Стратегияны изилдөө институту, өкмөттүн алдындагы бизнести өнүктүрүү кеңеши ошондой эле ишкерлер ассоциациясы бир жерге чогулуп, жыйын өткөрдү. "Экономиканы өнүктүрүүдөгү инвестициянын ролу" деген аталыштагы жыйынга катышкан премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан - Евразия экономикалык биримдигине кризис маалында киргендигин белгиледи. 

Анын айтымында бизнес учурда кыйын кырдаалды башынан кечирип жатат. Мындай учурда өкмөт мобилдүү болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алышы керек. Жыйынга катышкан ишкерлер дагы өз ой-пикирлерин билдирип, сунуштарын ортого салышты. 

Анда негизинен курулуш тармагындагы лицензия алуу тартибин жөнөкөйлөтүү зарылчылыгы белгиленип, салыктардын түрүн азайтуу, чогулта турган документтердин санын кыскартуу сунуштары көп айтылды.