Жаңылыктар
Баткен районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо кызуу жүрүүдө
Айыл чарба
Баткен районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо кызуу жүрүүдө

Бул жылы район аймагында жалпы 3 миң 337 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндеринен арпа жана буудай эгилген. Учурда алардын 60 пайызы жыйналып бүттү. Раваттык дыйкан Мунар Дыйканбаевдин 10 гектар кайрак жери бар. Ал жерге 10 жылдан бери кылкандуу дан эгиндеринен арпаны гана эгип келет. 

Андан ар бир гектарына 1,5 тоннадан түшүм алат. Бирок, дыйкан жеринин баарына тең эгин эге бербейт, жыл сайын 5 гектарын эс алдырып, калганын иштетет. Ошондо гана жер калыбына келип, түшүмдүүлүк мол болот экен.