Жаңылыктар
Ысык-Көлдө өрүк фестивалы болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө өрүк фестивалы болуп өттү

Аймактагы Жети-Өгүз районунда жергиликтүү эл үч миң гектардан ашуун аянтка өрүк өстүрүп, тогуз миң тоннадан ашык түшүмүн Россия менен Казастанга экспорттоп келишет. Элге кызылдай киреше берип жаткан мөмө жемишин даңазалап, аны дагы башка аймактарга таанытуу, өрүк бизнесин өнүктүрүү жана продукцияны жакшыртуу максатында жыл сайын өрүк фестивалы, тактап айтсак сары кыздын тою уюштурулуп келүүдө. 

Быйыл бул саамалык райондун Ак-Терек айылында өтүп, кызыктуу кароо-сынактар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, өрүктөн жасалган кондитердик азыктар жана тамактар боюнча сынактар менен камтылды.