Жаңылыктар
Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында 11 жаңы ишкана ачылды
Экономика
Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында 11 жаңы ишкана ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жыл башынан тартып, 11 жаңы ишкана ачылган. Натыйжада, 170 жумуш оруну түзүлгөн. Аталган аймакта аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында дагы 400 жаңы жумуш орунун түзүү мерчемделген. 

Ишке кирген ишканалар негизинен бизнес тармагындагылар. Алсак, жаңыдан ишке кирген Жийделик айылындагы тигүү цехине 50 кыз-келин ишке орношкон. Айыл өкмөттө жыл башынан тартып, 2 чакырым 800 метр жолго асфальт төшөлүп, 4 чакырым жол жарыктандарылган. 16 айылды камтыган Нариман айыл аймагында учурда 47 миң 500 калк жашайт