Жаңылыктар
Ошто мамлекеттик кызматкерлердин сууда сүзүү боюнча мелдеши өттү
Спорт
Ошто мамлекеттик кызматкерлердин сууда сүзүү боюнча мелдеши өттү

30-июль – Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаарында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдешке мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, билим берүү жана медицина кызматкерлери катышты. Таймаш мырзалар жана кыз-келиндер арасында жаш курагына жараша 3 тайпа боюнча өттү.

- 1-тайпа – 25 жашка чейин;

- 2-тайпа – 35 жашка чейин;

- 3-тайпа – 40 жашка чейин.

Мелдешке 50дөн ашуун адам катышып, жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медалдар жана дипломдор тапшырылды.